22-июлда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 27…32;
Суусамырда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 25…32;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 28…33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;
Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6 күндүз 11…16
22-июлда Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30 градус ысык болушу күтүлөт. (КЕ)