Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Сoncacaf-2015: жарым финалчылар аныкталды


Мексиканын чабуулчусу Карлос Вела
Мексиканын чабуулчусу Карлос Вела

АКШда өтүп жаткан Сoncacaf алтын кубогунда жарым финалда ойной турган командалар аныкталды. Кечээ Мексика кошумча убакытта Коста-Риканы 1:0 эсебинде утуп алса, Панама пенальти тебүүдө Тринида жана Тобагону артта калтырды. Буга чейин АКШ жана Ямайка жарым финалга жолдомо алышкан. Эртең жарым финалдык оюндар башталып, Панама Мексика менен ойносо, АКШ Ямайка менен финалдык жолдомо үчүн топ талашат.

Сoncacaf алтын кубогу быйыл АКШда өтүп жаткандыктан букмекерлер кубокту жеңип алууга АКШнын мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтышууда. Финалдык оюн 26-июлда Филадельфия шаарында өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG