Орусия былтыр Украинанын чыгышында малайзиялык авиалайнерди атып түшүргөндөрдү эл аралык трибуналда соттоого каршы. Ошон үчүн Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешине альтернативдүү резолюция киргизгенин 20-июлда маалымдады. Нидерландия, Малайзия жана башка өлкөлөр MH17 учагынын кыйросуна жооптууларды териштирүү үчүн эл аралык трибунал түзүүнүн аракетин кылышууда.
2014-жылы 17-июлда Украинанын чыгышында МН17 учагы атып түшүрүлгөндө 298 адам өлгөн. Алардын көбү нидерланд жарандары.
Москва жана орусиячыл жикчилдер авиалайнерди Украин армиясы атып түшүргөн деп ырасташууда. Бирок эл аралык тергөөчүлөр далилдерге таянып, учакты жикчилдер менен орусиялык жоокерлер БУК зениттик- ракеталык комплекси менен атып түшүргөн болушу ыктымал деп тыянак жасап жатканын ачыкка чыгып кеткен маалыматтарда айтылат.