Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Түркия Сирия менен чек араны күзөтүүнү күчөтөт


Жанкечти бомба жардыргандан кийинки көрүнүш. Суруч шаары. 20-июль 2015
Жанкечти бомба жардыргандан кийинки көрүнүш. Суруч шаары. 20-июль 2015

Бул жөнүндө Түркиянын түштүк-чыгышындагы Суруч шаарындагы маданий борбордо 20-июлда болгон бомба чабуулунан соң премьер-министр Ахмет Давудоглу маалымдалды.

- Сирия менен чек араны бекемдөө улантылат жана коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Региондогу кырдаал, башаламандык жана салгылашуулар Түркиянын ичиндеги тынчтыкка тескери таасир этүүсү мүмкүн экенин биздин жарандар билиш керек.

Жанкечти жардырган бомбадан кеминде 30 адам өлүп, 104 адам жарадар болгон. Чабуул кезде күрт жаштарынын активисттери Сириянын Кобани шаарын кайра куруунун планы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатышкан. Кобани “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрт согушчандары арасындагы салгылашууларда катуу бүлүнгөн.

XS
SM
MD
LG