Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Орусияда украин режиссеру Олег Сенцовдун соту башталды


Олег Сенцов Москвадагы сот учурунда. 26-декабрь, 2014
Олег Сенцов Москвадагы сот учурунда. 26-декабрь, 2014

“Бул сотту баарын соттоочу сот деп эсептебейм. Ошондуктан каалагандай чечим чыгара бергиле”, - деди Сенцов Ростов-на-Дону шаарындагы аскердик сотто. Ал Крымда террорчу уюмду түзгөн, террордук чабуулдарды пландаштырган жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алган деп күнөөлөнүүдө. Крым жарым аралын Орусия былтыр мартта аннексиялап алган.

Аскердик сот Сенцовду күнөөлүү деп тапса, ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Ал жана экинчи айыпталуучу Александр Колченко мыйзамга каршы эч кандай кадам жасабаганын айтып келишет. Алар былтыр майда башка да украин жарандары Алексей Черный жана Геннадий Афанасьев менен чогуу камакка алынган. Сот Черный менен Афанасьевди террордук топтун мүчөсү деп, жети жылга кескен.

XS
SM
MD
LG