Жаңы өнүгүү банкы Вашингтондо жайгашкан Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банкка атаандаш ирети түзүлдү. Банктын баштапкы капиталы 100 миллиард долларды түзөт. “БРИКС өлкөлөрү дүйнөнү өзгөртүп түзүүдө”, - деди 21-июлда банкты ачуу аземинде сүйлөгөн Түштүк Африка банкынын вице-президенти Лесли Масдроп. Ал Жаңы өнүгүү банкынын Йоханнесбургдагы биринчи регионалдык бөлүмүн жетектемекчи.
БРИКСке Бразилия, Индия, Кытай, Орусия жана Түштүк Африка Республикасы мүчө. Бул өлкөлөрдө дүйнө элинин 40% жашайт.