Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:29

Унутта калган Зардалы

Баткен районунун алыскы Зардалы айылы 1999-жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын жоочулары бастырып кирген учурда коомчулука кеӊири таанымал болгон. Жоочулар бир ай бою бул айылды барымтада кармап турушкан. Учурда Зардалы айылы кыргыз чек арачыларынын атайын бөлүгүнүн көзөмөлүндө турат.

Айылда 30дай үй-бүлө кыштап жашайт. Ал эми жай айларында айылга баргандардын саны миӊден ашат. Бирок ушул күнгө чейин айылга 12 чакырымдай электр зымы тартылбай, жети чакырымдан ашыгыраак жол оңдолбой, кооптуу жалгыз жол менен катташат. Бул аска боорундагы жолдо кыш мезгилинде каттаган кишилер кулап, каза болгон учурлары да болгон. Жергиликтүүлөр жол, электр энергиясы, телефон байланыш маселеси чечилсе айылда туристтик багытты өнүктүрүп, киреше алса болорун айтышат.

XS
SM
MD
LG