Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына 20-июль күнү 305 киши ичеги-карындын жугуштуу оорусу менен кайрылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев кабарлады. Анын айтымында, кайрылгандардын 80 пайыздайы балдар. 14 киши реанимация бөлүмүндө дарыланууда.
Ичеги-карын оорусунун көбөйүшүнүн негизги себеби – жашылча-жемиштерди тазалабай жегендиктен, суудан жана жеке гигиеналык эрежелерди сактабагандыктан болууда. Дарыгерлер ысыкта тамак-ашты туура сактоону сунушташат. (КЕ/BCh)