Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Иран парламенти ядролук келишимге өз баасын берет


Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф парламентте ядролук келишим жөнүндө сүйлөп жатат. Тегеран, 21-июль 2015
Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф парламентте ядролук келишим жөнүндө сүйлөп жатат. Тегеран, 21-июль 2015

21-июлда Иран парламентинде келишимди коргоп сүйлөп, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү менен баланстуу ядролук келишим түзүлгөнүн айтты. 14-июлда Венада кол коюлган келишимге ылайык, Иран ядролук программасын 15 жылга чектеп, ордуна экономикалык санкция токтотулат.

“Келишим жалпысынан эле Иран үчүн ыңгайлуу деп айта албайбыз. Ар кандай сүйлөшүү алыш-бериш. Бирок Ирандын “кызыл сызыгы” сакталды”, - деди Зариф консерваторлор көпчүлүктү түзгөн парламентте.

Парламентарийлер келишим үчүн бүгүн добуш беришеби же талкууну улантышабы - азырынча белгисиз.

Мурда Ирандын башкы лидери Аятолла Али Хаменейи келишим өлкө кызыкчылыгына жооп берип-бербеси кылдат иликтенип чыгарын айткан.

XS
SM
MD
LG