Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Эштон Картер Израилдин "көңүлүн жайгарууда"


АКШнын коргоо министри Эштон Картер 21-июлда Иерусалимде Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху менен кездешти. Максат Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишимге байланыштуу Израилдин тынчсыздануусун жеңилдетүү болду. 14-июлда кол коюлган келишимге ылайык, Иран ядролук программасын чектеп, ордуна Тегеранга каршы киргизилген экономикалык санкциялар акырындап токтотулат.

20-июлда Картер Израил “Американын Жакынкы Чыгыш стратегиясынын негизи бойдон каларын” айтып, Вашингтон өлкө менен аскерий кызматташууну дагы кеңейтүүгө даяр экенине ишара кылган.

Израил ядролук келишим Ирандын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүп, Жакынкы Чыгыштагы жөөт мамлекетине душман “Хезболла” сыяктуу согушчул топторго көп жардам көрсөтөт деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG