Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жаңы салынган Бишкек-Балыкчы жолунун ачылышында айтты. Ал жолду тосуп, митинг кылгандарды бузукулар деп атап, чара көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле келечекте Балыкчы-Түп-Кеген жолун куруу пландалып жатканын кошумчалады.
Кечээ Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн ачылышында мамлекет башчы Атамбаев Кыргызстанды солкулдатканга жол берилбей турганын, өлкөнүн тынчтыгын бузууну каалагандар үчүн күч колдоно турган күн келерин айткан. (КЕ/SDz)