Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Красноярскидеги жол кырсыгы 11 өмүрдү алды


Орусия -- Красноярскидеги жол кырсыгы. 22-июль, 2015.
Орусия -- Красноярскидеги жол кырсыгы. 22-июль, 2015.

Орусиянын Красноярск аймагында автобус менен жүк ташуучу машине кагылышып, он бир киши каза тапты. Ички иштер министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнөн кырсыктан жаракат алган 28 адам ооруканага жеткирилгенин кабарлашты. Автобуста жалпысынан 50 адам болгон. Шишков кыштагынын жанындагы кан жолдо болгон бул кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Күбөлөр социалдык тармактарга жайгаштырган сүрөттөрдөн кырсыктан кийин өрт чыкканын көрүүгө болот. 23-июль аймакта аза күтүү күнү деп жарыяланды. Облус губернатору Виктор Толоконский окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Бул аталган аймакта ушул ай ичинде автобус кабылган экинчи жол кырсыгы. 9-июлда Енисей трассасында да эки автобус кагышкан эле. Анда да 11 адам каза таап, 9 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG