2-3 адамдан турган отуздай топ кыш куючу жай катары район борбору менен айылды туташтыруучу чоң жолдун боюнан орун алышкан. Кыш куючулар тамактануу үчүн гана ылайдан бери болбосо, эртеден кечке тыным албай ылай чалып, кыш куюп, курганын жыйнап жаткан болушат. Райондо Стант айылы кыш куючу жай катары таанылган.
Кышты тыйынга айландырган элеттиктер
Адамдар аптаптан качарга жай таппай жаткан учурда Кара-Суунун Стант айылынын тургундары жапырт кыш куюп сатышат экен.

1
Стантта кыргыз-өзбек аралаш иштешет.

2
Станттыктар кыш куюу үчүн жерди казып бузушпайт экен. Топуракты башка жактан сатып келип кышка иштетишет.

3

4

5
Станттыктар ар бир кыштын даанасын 1 сом 30 тыйындан сатышууда

6
Мында ар бир адам күн сайын 2 миңден кыш куйганга үлгүрө турганын айтышты.

7

8

9

10

11
Күндүн өтө ысыганы эл үчүн кооптуу болсо, муздак ылайда иштегендер үчүн жакшы экен.

12

13
Былтыр кыштын бир даанасын 2 сом 30 тыйынга сатышкан. Быйыл баанын түшүп кеткенин станттыктар элде акча жоктугу менен түшүндүрүштү. Ошентип Орусиядагы кризистин таасири абдан эле байкалууда.

14

15