Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Кен байлыктар боюнча элге түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Геология жана минералдык ресурстар агенттиги менен Экономика министрлиги өлкөдөгү кен байлыктар жана аны иштетүүдөн түшчү каражаттар туурасында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аталган агенттиктин маалымат катчысы Касиет Карачолокованын “Азаттыкка” айтымында, мындай иш-чара бүгүн Таласта Панфилов айылында өттү. 30дан ашуун киши катышкан семинарда жергиликтүү тургундар экологиянын сакталышы, салык, алтын кенди өнүктүрүү фонду, иштей турган компаниялар, ошол аймакка берилчү жардамдар туурасында суроолорду узатышты. Ушундай эле түшүндүрүү иштери өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт.

21-июлда Талас облусунун Бекмолдо айылында Жерүй кенин иштетүүгө каршы жыйын өткөн. Анда Жерүйдү иштетпөөнү, мөңгүлөрдү бузбоону, экологияны сактоону талап кылышкан. Кен байлыктарды иштетүүгө каршы митинг-акциялар Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана башка аймактарда да болуп келет. Адистер элдин нааразылыгы маалымат жоктугунан келип чыгарын белгилешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG