Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

ТИМ: Кыргызстан АКШдан эч кандай жооп күтпөйт


АКШ менен кызматташтыкты токтотуу чечими боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берди. Ага ылайык, премьер-министр Темир Сариев 21-июлда кол койгон токтом 20-августтан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынбайт. Анткени келишим 1993-жылы 19-майда Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрү кол койгондон тарта күчүнө кирген.

Келишим боюнча кызматташуу программаларына байланыштуу АКШдан алып келинүүчү товарлар жана башка буюмдар бажы төлөмдөрүнөн, салыктан жана башка төлөмдөрдөн бошотулган. Ошондой эле кызматташуу программалары боюнча иштеген АКШнын өкмөттүк же бейөкмөт уюмдары, анда иштеген кызматкерлер киреше салыктарынан, бажы төлөмдөрүнөн жана түрдүү акы төлөөлөрдөн бошотулган. Мындан тышкары АКШ өкмөтүнүн жарандык жана аскерий өкүлдөрү Кыргызстанда жүргөн кезде кол тийбестикке ээ болушкан. Мунун алкагында 1992-жылдан бери Кыргызстанда гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш алып барган ЮСАИД уюмуна дагы жеңилдиктер берилген.

20-августтан тарта жогорудагы бардык тармактарга тийиштүү: салык, бажы жеңилдиктери алынат, ар кыл долбоорлор боюнча Кыргызстанда иштеп, жашап жаткан АКШ жарандары кол тийбестик макамдан да ажырайт деп айтылат түшүндүрмөдө.

Түшүндүрмөдө Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакка доо кетирип, массалык башаламандык уюштуруп, тартип кызматкеринин өлүмүнө катыштыгы үчүн соттолгон кишиге Мамлекеттик департамент тарабынан сыйлык берүү тараптардын тең укуктуулугуна шек келтирди деп айтылып, Кыргызстан оор кылмыштары үчүн соттолгон адамга берилген мындай сыйлыкты тааныбайт жана кабыл албайт, Аскаровдун “Адам укугун коргоочу” деп сыйлануусу кыргыз тараптан өлкөдөгү ынтымакты жана достукту бекемдөө жараяндарына каршы келет деп белгиленген.

Түшүндүрмөдө айтылгандай, 20-августтан кийин Кыргызстанга АКШ тарабынан берилип келаткан жардамдар кыскарып, же токтошу да ыктымал. “Бирок өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө каршы атайылап жасалган аракет тууралуу кеп болуп жаткан чакта, ал кырдаал мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына дал келбесе, АКШ тараптан берилген кандай гана жардам болбосун маанисин жоготот” деп белгилейт Тышкы иштер министрлиги.

Кызматташуу келишимин бир тараптуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алуу менен Кыргызстан АКШдан эч кандай жооп күтпөй турганы түшүндүрмөдө айтылат.

XS
SM
MD
LG