Уюштуруучулардын белгилешинче, Президенттик аппараттын мурдагы башчысы 22-июлда убактылуу камоочу жайга киргизилгени анын кылмыш жоопкерчилигине тартыларына кепилдик бербейт. Ошондуктан 23-июлда Башкы прокуратуранын алдында Данияр Нарымбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен митинг боло турганын “Азаттыкка” кабарлады “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков:
- Башкы прокуратуранын алдында митинг болот. Анда сот Нарымбаевди эки айга тергөө абагына камоосун талап кылабыз. Сот анын баш коргоо чарасын караган күнү соттун алдына барып, талапты ал жерде да коёбуз.
Аспековдун кошумчалашынча, эгер сот Нарымбаевди үй камагына чыгарып жиберсе, мөөнөтсүз митинг ачкачылык акциясы менен коштолуп, боз үйлөрдө уланмакчы.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. (ZKo)