Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Ысык-Көлдө эл аралык “Мейкин Азия” ыр сынагы башталат


Үч күнгө созулчу “Мейкин Азия” фестивалы Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда бүгүн башталат. Анын ачылыш аземине премьер-министр Темир Сариев катышат. Программа боюнча бул күнү катышуучулар чүчү кулак кармашат жана жети кишиден турган эл аралык калыстар тобу түзүлөт.

Фестивалга Азия жана Европа мамлекеттеринен мыкты деп аталган аткаруучулар катышат. Кыргызстандан быйыл ыр сынакка 4 ырчы жолдомо утуп алган. Сынактын жеңүүчүлөрүнө Гран-при, 1-2-3-орундар ыйгарылып, мындан сырткары мамлекеттик, коомдук бирикмелердин жана демөөрчүлөрдүн атайын сыйлыктары тапшырылат.

“Мейкин Азия” эл аралык фестивалы ушуну менен экинчи жолу уюштурулууда. Өнөр таймашы алгач 2013-жылы өткөрүлүп, 17 мамлекеттен таланттар катышкан. Баш байгени казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов утуп алган. Эл аралык сынак 25-июлда жыйынтыкталат. (AsA)

XS
SM
MD
LG