Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:17

Жалал-Абад: чек арадагы айылдарда дарыгерлер тартыш


Базар-Коргон районунун Өзбекстан менен чек аралаш аймакта жайгашкан Дүкүр-Чек айылдык фельдшердик-акушердик бөлүгүндө (ФАП) дарыгердин жоктугу кыйынчылыктарды жаратууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” ФАПтын медайымы Адина Курбанова билдирди. Мекеменин башчысы, фельдшер бир жарым ай мурда декретке чыгып кетип, ордуна азыр эч ким келе элек.

Учурда 1600дөн ашуун калкты жалгыз адам тейлөөдө. Бул аймакка маянанын аздыгынан жана жолдун узактыгынан иштөөгө эч ким келбейт. Курбанова кош бойлуу аялдар менен иштөө кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Облус аймагындагы 400дөн ашык саламаттыкты сактоо мекемелеринде 1500 дарыгер жана 6 миңден ашык медайым эмгектенет жана 165 дарыгер жетишсиз. (RsK)

XS
SM
MD
LG