Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

“Улуттар биримдиги”: Мырзакматовду шайлоого катыштырбоо аракети жасалууда


“Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматовдун жети жылга соттолгонуна байланыштуу элге кайрылуу таратты. Анда "соттун бул чечими адвокаттардын катышуусуз, элден жашуун, шашылыш чыгарган мыйзамсыз чечим болду" деп жазылат.

Партиянын саясий кеңеши бийлик Мелис Мырзакматовду парламенттик шайлоого катыштырбоо максатын көздөп жатканын белгилейт. “Улуттар биримдиги" Мырзакматовго карата саясый куугунтукту токтотууну, мыйзамсыз чечим чыгарган судьяны сот жообуна тартууну жана шайлоо алдында бардык саясый партияларга бирдей шарт түзүүнү талап кылат.

“Кыргызстанда сот бийлиги терең коррупцияга батканын, соттор Президенттик аппараттан толук көз каранды экенин жана бийлик сотторду саясий союл катары өз оппоненттерине каршы колдонуп жатканын жакында отставкага кеткен Данияр Нарымбаевдин чуусу ачык айкындап койду”, - деп жазылган кайрылууда.

22-июлда Ош шаардык соту мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен үй-мүлкүн конфискациялап, өзүн жети жылга эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарды. Мурдагы мэрге Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн курууда мамлекетке 29 млн. сомдук зыян келтирген деген айып менен кылмыш иш козголгон. Мырзакматов муну “саясий куугунтук” деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” партиясы жакында эле быйылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясын колдорун билдирген. Айрым маалыматтар боюнча Мырзакматов "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде алдыңкы беш талапкердин бири болуп шайлоого бармак. (КЕ)

XS
SM
MD
LG