Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Орусия Өзбекстандын 865 млн доллар карызын кечет


Орус өкмөтү “Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы финансылык талаптарды жана милдеттерди жөндөө” боюнча макулдашууну ратификациялай турган мыйзам долбоорун Мамлекттик Думага киргизди. Аны Мамлекеттик Дума жактырса, Орусия Өзбекстандын 890 миллион доллар карызынын 865 миллионун толук кечет. Калган 25 млн долларды Ташкент Москвага төлөп берет.

Президенттер Владимир Путин менен Ислам Каримовдун 2014-жылдын декабрындагы жолугушуусунда Өзбекстандын карызын кечүү маселеси талкууланган. Кийинчерээк финансылык документке эки өлкөнүн каржы министрлери Антон Силуанов менен Рустам Азимов кол койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG