Премьер-министр Темир Сариев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Чолпон-Ата шаарында жолукту. Анда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, коопсуздук жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуу талкууланды.
Сариев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жараяны боюнча маалымат берип, түркиялык ишкерлерди Кыргызстан аркылуу Орусия, Казакстан жана Беларустун базарына чыгууга жана жаңы экономикалык биримдиктин алкагында ачылчу мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга чакырды.
Өз кезегинде Мевлюд Чавушоглу Түркиянын өкмөтү Кыргызстан менен бардык тармакта кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн Түркиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчисин президент Алмазбек Атамбаев да кабыл алды. (КЕ)