Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

М-Vector: окуучулардын 20% тамеки тартып көрүшкөн


М-Vector консалтинг ишканасы Бишкектеги мектеп окуучулардын сергек жашоо боюнча маалымдуулугуна байланыштуу иликтөөсүн жарыялады.

Изилдөөгө катышкан окуучулардын үчтөн бир бөлүгү гана ден соолугуна кам көрүү тууралуу маалыматтарды мектептен алганы аныкталган. Буга байланыштуу адистер орто билим берүү программасына сергек жашоого үйрөтүүчү сабактарды кошууга көңүл буруу керектигин белгилешет.

22-июлда жарыяланган иликтөөдө көпчүлүк мектептерде сергек жашоо сабактары өтүлгөнү менен алар класстан сырт эркин окуу катары берилгени негизги делген спорт менен машыгуу, тазалыкты сактоо темалары менен чектелип калып жаткандыгы да айтылат.

Ошол эле учурда окуучулар туура жана пайдалуу тамактануу, зордук-зомбулук болгон кезде кандай кадамдарга баруу сыяктуу темалардан куру калып жатканы да маалымдалат.

“Окуучулардын сергек жашоого байланыштуу актуалдуу маселелери” темасындагы иликтөөнү JICA уюмунун көрсөтмөсү боюнча М-Vector консалтинг ишканасы жүргүзгөн. Ага Бишкектеги мектептердин 6-10- класстарынын 4000 окуучусу 28 мугалими катышкан. (SA)

XS
SM
MD
LG