Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:12

Мамлекеттик кызматкерлер декларацияга киреше булагын көрсөтүшү керек


Президент Алмазбек Атамбаев “Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, алардын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана Бишкек, Ош жана райондук деңгээлдеги шаарлардын мэрлери, шаардык кеңештердин төрагалары мыйзамга жараша кирешесин көрсөтүш керек.

Мындан сырткары саясый жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары жана мүлкү тууралуу маалыматтарды камтыган декларация тапшыруу керек. Декларант кирешелерди табуунун булагын көрсөтүүгө милдеттендирет.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2015-жылы 24-июнда кабыл алган. Кыргызстанда чиновниктердин кирешеси менен мүлктөрү тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү 2005-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Эл оозунда миллионер делген айрым чиновниктер декларацияга эски машинеси же бир үйүнөн башка эч нерсеси жок экенин жазган көрүнүштөр кездешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG