Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Коркмазов УКМКнын ооруканасына жаткырылды


Паракорчулукка шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ооруканасына жаткырылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады. Бирок анын кайсы жери ооруп жатканын тактаган жок.

15-июль күнү УКМК менен Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.

Расмий маалыматка караганда, Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын пайдасына чечип берүүгө ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара сураган. Ал соттун чечими менен эки айга камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG