Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобеков Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрамжан Илмияновду теле жана радио аркылуу түз эфирге дебатка чакырды. Ал сотко берген доо арызындагы фактыларды эл алдында ачык жана түз сүйлөшүү максатында эфирге чыгуу сунушун айтканын “Азаттыкка” билдирди.
“Свердлов райондук соттун судьясы Жылдыз Ибраимова Илмияновдун доосуна карата келтирилген жүйөлөрдү эске албай койгон. Демек сот укпай жатса, мени айыпка жыгып, сөз эркиндигин кысып атса, эл алдында ачык-айрым сүйлөшүп алсак эл өзү күбө болот эле деп ишенем... Акыйкаттын түбүнө жетиш үчүн мен Икрамжан Илмияновду түз эфирге чакырат элем”, - деди Ботобеков.
Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту Уран Ботобековду 1,8 млн. сом айыпка жыккан. Буга Ботобековдун “Вечерний Бишкек” медиа-холдингине караштуу "Кабар ордо" сайтына берген маеги негиз болгон. Илмиянов ал маекти “кадыр-баркыма шек келтирди” деп белгилеген. (КЕ)