Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Греция каржы реформасына экинчи кадамды таштады


Греция парламенти эл аралык кредиторлор талап кылган реформалардын экинчи пакетин кабыл алды. Ал банк жана юридикалык тармактагы өзгөрүүлөрдү камтыйт.

Өткөн жумада кабыл алынган пакетке салыктардын көтөрүлүшү жана катуу бюджеттик үнөмдөө кирген.

Биринчи пакет кабыл алынып жатканда Афинынын борборунда нааразылык акциясы өттү. Митингге чыккандар - негизинен студенттер жана жумушсуздар полицияны реформалардын кабыл алынышына каршы чыгып, полицияны көздөй таш ыргытышкан, тартип коргоочулар аларды көздөй суу чачып, көздөн жаш чыгарчу газ бүркүшкөн.

Греция Эл аралык валюта фондуна болгон 2 млрд. евро карызын төлөй албай, 1-июлда дефолтко кабылган. Өткөн айдын аягында насыясын төлөй албагандан улам Эл аралык Валюта фонду Грециядагы өз ресурстарын толук жаап койгон. Эки күн мурда банктар кайрадан ачылып, иштей баштаганы айтылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG