Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

Казакстанда митингде кармалгандар бошотулду

Казакстандын баш калаасы Астанада бүгүн нааразылык акциясына чыккан “Махабат” комплексинин 17 тургунун полиция эрте менен кармап кеткен. Бир нече сааттан кийин алардан “мындай акция өткөрбөйбүз” деген тил кат алып, кое беришкени маалым болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аларды өкүлү Махамбет Абжан билдирди.

Алар Жогорку соттун имаратынын алдына чыгып, турак- жай маселесине көңүл буруп, буга чейин батирлерди бошотуп кетүүнү талап кылган соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда.

“Махабат” комплексинин тургундары буга чейин да бир нече жолу акцияга чыгышкан. Алардын айтымында, төрт жыл мурда комплексти курган компания аларды батирлерге ипотекага киргизген. Кийин комплекстин ээлери алмашып, бардык келишимдерди жыйнап алып, алар берген акча кайтарылган эмес. Жашоочулардын айтымында, алар батир үчүн бир топ акча төлөп коюшкан. Бирок кийин батирлердин жаңы ээси алардын чыгып кетүүсүн талап кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG