Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Депутат Турсунбеков жана сот Турганбеков суракка чакырылышы мүмкүн


Айрым маалымат каражаттары Башкы прокуратурага таянып, жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен Жогорку Соттун судьясы Канатбек Турганбеков да суракка чакырыларын жазып чыгышты.

Коркмазов менен Нарымбаевдин Түлеевдин кызынан пара талап кылганы боюнча маалымат чыккан учурда, кызды Нарымбаевге Чыныбай Турсунбеков алып барганы тууралуу кабар тараган. Бирок Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Турсунбеков Түлеевдин кызын тааныбай турганын, аны Данияр Нарымбаевдин иш бөлмөсүнөн гана көргөнүн “Азаттыкка” курган маегинде билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG