Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Республикачылар Иран менен жетишилген келишимди сынга алышты


Жакында эле “алтылык” өлкөлөр менен Ирандын ортосунда өзөктүк программа тууралуу жетишилген келишим Сенаттагы республикачыл сенаторлордун кескин сынына кабылды.

23-июлда болгон угууда Сенаттын эл аралык иштер боюнча комитет төрагасы Роберт Коркер келишим түзүүдө АКШ алданып калганын билдирди. Угууга катышкан мамлекеттик катчы Жон Керри бул келишим толугу менен АКШнын кызыкчылыктарына дал келерин айтып, Ирандын өзөктүк курал жасоосуна мүмкүнчүлүк берилбей турганын бекемдеди.

Ирандын өзөктүк программасы тууралуу келишим АКШнын Конгрессинде дагы эки ай талкууга алынат. Эки палатада тең көпчүлүктү түзгөн республикачылар келишимди иштетпөө үчүн болгон аракеттерин жумшарын айтып жатышат. Бирок президент Барак Обама келишимди жокко чыгарган мыйзам долбооруна вето коюларын кыйыткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG