Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Сариев: кыргыз эли хижаб кийген эмес


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди. Ал күч органдарынын куралдуу топту кармоо операциясы боюнча оюн билдирип, экстремисттик күчтөр дүйнөдө күчтөнүп жатканын жана алар динге жамынып, жергиликтүү элге жат салттарды, маданиятты таңуулап жатканын кошумчалады. “Кыргыз эли илгертеден хижаб, чалма сыяктуу кийимдерди кийген эмес. Биз муну элге түшүндүрүшүбүз керек”, - деди премьер-министр.

16-июлда Бишкектеги Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо учурунда төрт адам өлтүрүлүп, дагы жетөө колго түшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет булар “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү болгон деп билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG