Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Милиция каржылык мыйзам бузууларды тергей албайт


Бүгүн премьер-министр Темир Сариев ИИМдин коллегиялык жыйынына катышып, милицияга каржылык мыйзам бузууларды тергөөгө тыюу салды. Ал Евразия экономикалык биримдигине кирген соң Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климат түзүлүшү керек экенин белгиледи.

“Бизнеске аралашууну токтоткула, ишкерлердин ишине жолтоо болбогула. Мындай иштерди Финансы полициясына бергиле. Эгер ушул органда да мыйзам бузуу болуп жатса аларга иш ачкыла. Биз Финансы полициясын тазалашыбыз керек”, - деди Сариев. Ошондой эле ал ИИМдин ичиндеги интриганы токтотуп, реформа жасоону тапшырды.

Өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана ички иштер органдарын реформалоо маселеси көптөн бери эле талкууланып келатат. Бул боюнча өкмөттө бир нече жумушчу топ түзүлүп, талкуулар өткөн. Бирок жарандык коом жана укук коргоочулар реформанын жыйынтыгы болбой жатканын сынга алып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG