Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Бозумчак кени боюнча нааразылар жол тосушту


Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Серек айылынын тургундары Ала-Бука - Көк-Таш жолун бууп салышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Көк-Серек айыл аймагынын башчысы Камчыбек Исраилов билдирди. Нааразылар аймакта иштеген Бозумчак кени элдин талабын аткарбай жатканын айтышууда. Акцияга чыккандар 70% жергиликтүүлөрдү жумушка алууну, жолго асфальт төшөөнү, экологиялык эрежелерди сактоону талап кылышууда. Учурда 30дан ашык адам жолду тосуп турушат.

Ал эми акциянын катышуучуларынын бири Бекболсун Кутуев 100дөн ашык адам чогулганын, жол жээгине боз үй тигип, талаптар аткарылмайынча нааразылык акциясы улана берерин билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG