Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

Жалал-Абаддын милициясы мелдеште биринчи орунду ээледи


Улуттук гвардиянын түзүлгөнүнүн 23 жылдык мааракесине арналган спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча республикалык мелдеште Жалал-Абад облустук ИИБнын кызматкерлери 12 байгелүү орунга жетишип, командалык эсепте биринчиликке ээ болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

16-18-июль күндөрү Бишкек шаарындагы №714 аскер бөлүгүндө Куралдуу күчтөрдүн кошуун жана бөлүктөрүнүн, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн командалары арасында мелдеш өткөн. Жыйынтыгында Жалал-Абад облустук ИИБнын ыкчам чара көрүү отряды 1-орунду, Улуттук гвардиянын командасы 2-орунду ээлеген. Ал эми үчүнчү орунга Жалал-Абад облустук ИИБнын “Динамо” командасы ээ болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG