Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:46

Тажик бийликтери 12 террордук чабуулдун алдын алганын жарыялады


Тажикстан -- Террордук чабуул жасоого шектелгендердин бири Бобожон Ражабов. Дүйшөмбү, 24-июль, 2015.
Тажикстан -- Террордук чабуул жасоого шектелгендердин бири Бобожон Ражабов. Дүйшөмбү, 24-июль, 2015.

Тажикстанда жардырууларды жасамакчы болгон "Ислам мамлекети" радикал тобу менен байланыштагы эки жаран кармалганы кабарланды. Ички иштер министрлигинин бүгүн кабарлашынча, алар өлкөнүн 12 жеринде террордук чабуул жасоону мерчемдеген.

Тергөөчүлөр кармалган жарандар 25 жаштагы Бобожон Ражабов менен 39 жаштагы Садриддин Жаббаровдун үйүнөн бомба жасаганга керектүү заттарды табышкан. Милициянын маалыматына караганда, алар Сирияда согушуп жаткан "Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрү менен интернет аркылуу тыгыз байланышта болгон жана алардын көрсөтмөсү менен баш калаа Дүйшөмбү баштаган бир канча шаардагы милиция бөлүмдөрүнө чабуул жасоону мерчемдеген.

XS
SM
MD
LG