Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

АКШ Кыргызстандын келишимден баш тартуу ниетине кабатыр


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтүнүн 1993-жылкы өкмөттөр аралык келишимден баш тартуу аракетине жооп кайтарды. Билдирүүдө Кошмо Штаттар буга кабатыр болуп жатканы айтылган. Ошондой эле АКШ Кыргызстандын эгемендигин тааныган алгачкы өлкөлөрдөн болгону, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана демократиянын өнүгүүсүнө жардам катары 2 млрд. долларга жакын каражат берилгени белгиленген.

Маалыматта айтылгандай, 1993-жылдагы келишим - гуманитардык, техникалык жана экономикалык жардам берүү жөнүндө документ. Билдирүүдө келишимдин токтотулушу экстремизмге каршы күрөшүү, экономикалык өнүгүү жана жумуш орундарын түзүү, билим берүү тармагын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, демократиянын өнүгүүсүн колдоого багытталган бир катар программалардын токтоп калышына себепкер болушу ыктымалдыгы айтылат. Ошол эле маалда Кошмо Штаттар кыргыз эли менен мамилени жана колдоосун уланта берет.

АКШ көрсөткөн жардамдын толук тизмесин бул жерден окуй аласыз.

1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуусу тууралуу келишимин денонсациялоо жөнүндө токтомго премьер-министр Темир Сариев 21-июлда кол койгон. Ага ылайык, келишим 2015-жылдын 20-августунан тарта күчүн жоготот.

Расмий Бишкек мындай чечимге АКШнын Мамлекеттик департаменти абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу" деп аталган сыйлыкты ыйгарышы себеп болгонун билдирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG