Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

Премьер-министр Жалал-Абаддагы жол тосууну айыптады


Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абадда, Бозумчак кенине нааразы болуп жол тоскондорду айыптап, тиешелүү органдарга тез арада токтотуу тапшырмасын берди. Өкмөт башчы жол тосуу тажрыйбасынан арылуу зарылдыгын айтып, саналуу кишинин таарынычынан улам бүтүндөй комбинаттын ишин үзгүлтүккө учуратуу туура эмес экенин кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ушул тапта Бишкекте өкмөттүн жыйыны өтүүдө.

Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Серек айылынын тургундары Ала-Бука - Көк-Таш унаа жолуп буушкан. Алар аталган ишкана элдин талабын аткарбай жатканын айтышкан. Ушул тапта митингге чыккандар менен район акими Алымкул Кулуев жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG