Премьер-министр Темир Сариев бүгүн өкмөттүн жыйынында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун ишин сындады. Ал борбор калаада социалдык-экономикалык абалдын көрсөткүчтөрү начарлап кеткенин белгиледи.
Ушуну менен экинчи ирет жыйынга катышпаган мэр тууралуу “өзүн эрке баладай алып жүрүүнү токтотсун, бул оюн эмес”, - деди. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мэрге сөгүш берүүнү сунуштады. (КЕ)