Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районундагы Самойленко көчөсүндө президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын демилгеси менен “Ынтымактуу короо” долбоорунун алкагында балдар аянтчасы ачылды.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, бул долбоордун алкагында Бишкекте 12, Ошто 8 балдара аянтчасы ачылат. Ага каражаттар президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү. (КЕ)