Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

Украина коммунисттердин шайлоого катышуусуна тыюу салды


Украинанын юстиция министри Павел Петренко
Украинанын юстиция министри Павел Петренко

Украинанын юстиция министри Павел Петренко 24-июлдан тарта коммунисттик партияларга өлкөдөгү бардык баскычтагы шайлоолорго катышууга тыюу салынганын билдирди. Министр бул талап жергиликтүү шайлоолор боюнча азыр иштеп жаткан мыйзамга жана Жогорку Рада жакында кабыл алган мыйзамга да шайкеш келерин билдирди. Ал мыйзамга жакын арада президент кол коет.

Министр Петренко ошондой эле Украина коммунисттик жана Жумушчулардын коммунистик партиялары коммунисттик идеологияны жайылтууга тыюу салган мыйзамды бузуп жатканын да белгиледи.

Жума күнү Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов 24-июлдан тарта өлкөдөгү бардык коммунисттик саясий уюмдар саясий партия макамына ээ боло албастыгын айткан.

Украина коммунисттик партиясынын лидери бийликтин мындай чечимине карабай коммунисттер шайлоого катышарын билдирди. Украинада жергиликтүү шайлоолор 25-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG