Казакстандын борборунда мамлекеттик каражатка кол салды деп айыпталган жети аскер офицеринин соту жүрүүдө. Бул аскер кызматкерлери 600 миллион теңге өлчөмүндөгү мамлекеттик каражатты уурдаган деп айыпталып жатат (3,2 миллион долларга тете).
Жети кишиден турган бул топко Жамбыл облусундагы бир аскер бөлүгүндө 2008 - 2014-жылдардын аралыгында мамлекеттик 548 миллион теңге каражатка кол салган жана 53 миллион теңгелик пенсия которууларын негизсиз жүргүзгөн деген кине тагылган.