Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Греция Эл аралык валюта фондунан кошумча насыя сурап жатат


Греция Эл аралык валюта фондунан Афинага каржылык жардам көрсөтүү боюнча үчүнчү программа жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маалында кошумча кредит бөлүп берүүнү суранууда. Тийиштүү расмий кат жума күнү аталган фонддун башчысы Кристин Лагардга тапшырылды. Бул күнү Афиныда грек өкмөт өкүлдөрү Евробиримдик, Европалык борбордук банк жана Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Алар 18-августта Грецияга финансылык жардам берүүнү улантуу боюнча меморандумга кол коюну көздөп жатышат.

17-июль күнү еврозонадагы өлкөлөр Грецияны насыялоо боюнча үч жылдык план жөнүндөгү алдын ала келишимге жетишкен. Насыянын суммасы 86 миллион еврону түзөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG