Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, быйыл алты айдын ичинде өлкөдө 3011 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 6,1 эсеге аз. Жол кырсыктарынын кесепетинен 424 киши каза болуп, 4387 киши ар кандай жаракаттарды алышкан.
Ички иштер министри Мелис Тургамбаев министрликтеги коллегия маалында Жол кайгуул кызматын реформалоо жана жол коопсуздугун сактоо боюнча бир нече сунуштар иштелип жатканын белгиледи. (AzK)