Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Жалал-Абад: "Кыргызмунайгаз" кризистик абалга кептелүүдө


Бул тууралуу бүгүн облуста өткөн Жогорку Кеңеш депутаттарынын жумушчу тобунун жыйынында мекеменин кесиптик кошуунунун төрагасы Акынбек Райымкулов билдирди. Ал Кыргызстан Бажы биримдигине кошулушу менен ишканада чыгарылган продукция дээрлик өтпөй калганын, мазутту жылуулук ишканалары сатып албай койгондугун билдирди.

"Учурда Орусия бардык рынокту ээлеп алды. Мындан улам апрель айынан тарта мазут өндүрүшү токтоп, кампаларда сатылбай турат. Мамлекеттик төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылыктар жаралып, жумушчулардын айлык маселеси да татаалдашып баратат" – дейт Райымкулов.

Учурда өндүрүлгөн мазуттун 50% ашыгы сатылбай турат. "Кыргызмунайгаз" ишканасы өлкөдө газ жана мунай өндүргөн жападан жалгыз атамекендик ишкана. Эки миңден ашык адам эмгектенген ишканада жылына 30 млн. куб метрден ашык газ жана 74 миң тонна мунай өндүрүлөт. Андан чыгарылган газ Кочкор-Ата, Жалал-Абад шаарларынын тургундарына жана Майлуу-Суу электр лампа заводуна берилет. (RsK)

XS
SM
MD
LG