Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:53

Боом капчыгайына сүрөт тартууга ким уруксат бергени аныктала элек


Бишкек-Торугарт жолундагы тоо-аскадан таштардын кулашына каршы коюлган дубалдарга сүрөт тартууга ким уруксат бергени аныктала электигин “Азаттыкка” Тоң районунун акиминин орун басары Нурия Төлөнгүтова билдирди.

Анын айтымында, районго караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы ал жерге сүрөт тартууга эч кимге уруксат бербегенин билдирген. Акимдин орун басары бул сүрөттөрдү тарткандар менен байланышып, аларга уруксат албаганы үчүн айыппул салуу каралып жатканын белгиледи.

Бишкек-Торугарт жолундагы эмгектин авторлору стритартерлер - Сергей Келлер жана Дмитрий Петровский экени аныкталган. Алар байыркы таш эстеликтерди заманбап түрдө көрсөтүп, балбалдар жолоочуларга салам айтып, аларга жагымдуу эс алуу каалап тургандай элести берүүгө аракет кылышканын айтышкан. Бул ал экөөнүн BASICOLORS стрит-арт жана граффити боюнча VII эл аралык фестивалдын алкагындагы эмгеги болгон. Ташка түшүрүлгөн сүрөттөр кыргыз улутун мазактап, графиттер түшүнүксүз мааниде экенин айткан жаш активисттер 26-июлда графиттерди өчүрүүгө чогула тургандыктарын социалдык тармактарда жарыя кылышкан. (Asa)

XS
SM
MD
LG