ФИФА Орусиянын 2018-жылы дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугун тастыктады. Бул туурасында Эл аралык футбол федерациясынын президенти Йозеф Блаттер Петербургда Орусиянын президенти Владими Путин менен жолукканда билдирди.
25-июлда Петeрбургда 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турниринин алдын ала аныктоо жараяны өткөрүлдү. Орусиянын курамасы турнирдин кожоюну катары автоматтык түрдө финалдык бөлүктөн орун алат жана Белгия, Босния, Греция, Эстония, Кипрдин командалары менен бир тайпада ойнойт.
Петербургдагы тандоо ФИФАдагы эл аралык коррупциялык жаңжалдын фонунда өтүп жатат. Жети жогорку деңгээлдеги аткаминер АКШнын өтүнүчү боюнча Цюрихте май айынын аягында кармалган эле. АКШда алар дүйнө чемпионатын өткөрө турган өлкөлөрдү тандоодо жана башка коррупциялык иштерде 150 миллион доллар пара алган деп шектелүүдө.
Швейцария бийлиги болсо Орусия менен Катардын дүйнө чемпионаттарын өткөрүү укугун утуп алган жагдайды иликтөө боюнча өзүнча кылмыш ишин ачты.
Блаттердин ысмы шектелгендердин арасында жок болсо дагы ал жакында ФИФАнын жетекчилик кызматын тапшырганы жатат. 2016-жылдын февраль айында федерация жаңы жетекчини шайлайт. (AzK)