Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

Профессор Санарбек Карымшаков дүйнө салды


Санарбек Карымшаков
Санарбек Карымшаков

Филология илимдеринин кандидаты, профессор Санарбек Карымшаков 25-июлда дүйнө салды. Ал күндүзгү саат ондо жүрөгүнөн инфаркт болгон. Көптөн бери онкологиялык илдет менен ооруп жаткан жубайы кабарды уккан соң кечээ түштөн кийин саат үчтө көз жумду. Жубайлардын сөөгү бүгүн чогуу жерге берилди.

Профессор Санарбек Карымшаков Жумгал районунун Жаңы-Арык деген айылында 1941-жылы 20-октябрда туулган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек чыйырын Кыргыз Мамлекеттик телерадиосунун музыкалык редакциясында редакторлуктан баштайт.

1962-1966-жылдары Кыргыз ССР ИАсынын философия жана укук институтунда аспирантурада окуп, 1967-жылдан тарта «Кыргызстан маданияты» жумалыгында сын бөлүмүнүн башчысы, 1970-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, 1975-жылдан тарта «Кыргызфильм» киностудиясында «Көрөгөч» сатиралык киножурналынын башкы редактору, «Кыргызстан» басмасында бөлүм башчы, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде башкы редактор, 1986-жылдан «Экран», «Коммунист» журналдарында жана Кыргызстан КП БКнын алдындагы партия тарыхы институтунда улук редактор болуп иштеген.

1989-жылдан Кыргыз улуттук университетинин басмасында улук редактор, кыргыз адабияты кафедрасында ага окутуучу, 1994-жылдан ошол кафедранын доценти болуп иштеп, 2002-жылы филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. 2003-жылдан баштап Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, 2005-жылдан ошол кафедранын профессору болуп эмгектенген.

2000-жылдары “Азаттык” үналгысы менен кызматташып, адабият жана илим, билим жаатындагы көйгөйлүү маселелерди козгогон макалаларды байма-бай берип турган.

Санарбек Карымшаков адабият жана эстетика маселелeри боюнча 300гө жакын макалалардын, “Турмуш саптары”, "Толкундар арасында", "Көркөм образдардын табияты", "Көркөм сөз күчү", "Азыркы кыргыз адабиятындагы социалдык проблемалар" аттуу адабий-сын жыйнактарынын, “Качкынбай Артыкбаевдин илимий-сынчылык ишмердиги” деген монографиянын, “ Сын дүйнө жана көркөм нарк” деген окуу китептин автору, «Кызарып баткан күн» пьесасын жазган.

Ал ошондой эле А.П.Чеховдун «Алчалуу бак», пьесасын, С.Цвейгдин «Магеллан» тарыхый романын, К.Симоновдун, Л.Кассилдин, аргентин жазуучусу Л.Юнкенин, эстон жазуучусу X.Пукктун, өзбек жазуучусу У.Умарбековдун аңгемелерин жана көптөгөн илимий макалалар менен кинофильмдерди которгон.

Карымшаков Эл агартуунун отличниги. 2005-жылы Мустафа Кемаль («Ата-Түрк») эл аралык маданият жана илим фондунун Алтын медалы менен Ардак грамотасынын алган. (AzK)

XS
SM
MD
LG