Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

ИМ кыргыз тилинде видеокайрылуу чыгарганы маалым болду


Маалыматка караганда 25-июлда YouTube сайтында тогуз мүнөттүк видеокайрылуу чыккан. Анда белгисиз адам кыргыз тилинде кыргызстандыктарды "Ислам мамлекети" радикал тобуна кошулууга үндөгөндүгү айтылат. Бирок YouTube каналы видеону алты сааттан соң алып салган. Kloop.kg сайты видеону көрүп, аны сүрөткө тартып алууга жетишип калганын кабарлайт.

Экс-вице-премьер Токон Мамытов диний экстремисттик жана террористтик уюмдар Фергана өрөөнүнө от жагууну көздөп жүргөндүгүн, соңку видеокайрылуу ошол аракеттердин алкагында жасалган кадам болушу мүмкүндүгүн айтат. Кыргызстандын күч түзүмдөрү бул багытта тийиштүү чараларды көрүп, видеокайрылуудагы адамдын ким экенин, кайда жашагандыгын, "Ислам мамлекетине" кантип кирип, кантип кеткени изилдеп, иликтөө аракеттерине күч түзүмдөрү гана эмес жергиликтүү бийлик органдары дагы жардам бериши зарылдыгын “Азаттыкка” белгиледи.

Бул видеонун чоо-жайы туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет азырынча комментарий бере элек.

16-июлда Бишкекте куралдуу топту кармоо учурунда төрт адам өлтүрүлүп, жетөө колго түшкөн. УКМК алар “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү болгон деп билдирген. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов бул топ менен байланышы бар, аларга акчалай жана курал-жарактан жардам берип турган деген шек менен 20-июлдун таңында “Манас” аэропортунан кармалган.

XS
SM
MD
LG