Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Кытайда тыюу салынган уюмдун мүчөлөрүнө өкүм чыкты


Кытайдын Паньцзинь шаарындагы сот 25-июлда Кытайда тыюу салынган “Кудурети күчтүү кудайдын чиркөөсү” деген диний топтун беш мүчөсүнө өкүм чыгарды. Алар уюмга жаңы адамдарды азгыргандыгы жана уюмдун окуусун жайылткандыгы үчүн 2-3 жылдан эркинен ажыратылды.

Өткөн жылы бул топтун эки мүчөсү Шаньдун провинциясындагы McDonald's ресторандарынын биринде аял кишини өлтүрө сабагандыгы үчүн өлүм жазасын алышкан эле.

“Кудурети күчтүү кудайдын чиркөөсү” же дагы “Чыгыш чагылганы” деген ат менен белгилүү бул уюм 1990-жылдары Чжао Вэйшан тарабынан негизделген. 1995-жылы уюмга кытай бийлиги тыюу салган соң Чжао Вэйшан АКШга качкан.

Бул топтун мүчөлөрү Иисус Христос аялдын түcпөлүндө тирилип келген деп ишенишет. Бул уюм менен катар Кытайдагы дагы 13 диний уюмга тыюу салынган. (AzK)

XS
SM
MD
LG