Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Орус саясий эмигранттары Киевде митинг өткөрүштү


Киевдеги Орсиянын элчилигинин алдында 26-июлда орус саясий туткундары менен тилектештикти билдирген митинг өттү. Акцияга Украинанын тарабында согушуп жаткан орус ыктыярчылары, саясий эмигранттар, активисттер жана улутчулдардын тарапкерлери болуп кыркка чукул киши катышты.

Катышуучулар “Путинди Магаданга, Орусияга орус Майдан”, “Колго түшүрүлгөн жикчилдерди орус улутчулдарына алмашабыз”, “Бүгүн Украина, эртең Русь жана бүткүл Европа” деген жазуулары бар үч баннерди илишти.

Митинг башталардын алдында бети жабылган балдардын тобу улутчул ураандарды чакырып, элчиликтин алдына келип свастика тартылган желекти, түрмөдөгү орус улутчулдардын сүрөттөрү, анын ичинде 24-июлда өмүр бою эркинен ажыратылган “Орус улутчулдарынын аскердик уюму” тобунун лидери Илья Горячевдин портретин жайышкан. Бул чагымчыл аракеттер акциянын уюштуруучулары тарабынан токтотулду. Митингдин катышуучуларынын бири Горячевдин сүрөтүн тытып салып, ал саясий туткун эмес экендигин түшүндүрдү. (AzK)

XS
SM
MD
LG