Кыргызстанда 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Алай өрөөнүндө айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36
Таласта 13…18, 30…35
Баткен облусунда 15…20, 31…36
Ош, Жалал-Абад облустарында 19…24, 31…36
Ысык-Көлдө 14…19, 25…30
Нарын облусунда 11…16, 27…32
Бишкекте 27-июлда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн 18…20 градус жылуу, күндүз 34…36 градус жылуу болот.